КМУда программалык аккредитациялоо боюнча семинар-тренинг өттү
Бүгүн, 11-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык программалык аккредитациялоо боюнча «БИЛИМ-СТАНДАРТ» Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги, Россия Федерациясынын Кесиптик жана коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борбору менен биргеликте семинар-тренинг өткөрдү.
Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын максаты: жогорку билим берүү жана аккредитация процессиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, университеттердин билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө программалык аккредитация, аккредитациялоонун негизги принциптери жана анын жогорку билим берүү системасындагы орду тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара КМУ, «БИЛИМ-СТАНДАРТ» Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги жана Россия Федерациясынын Кесиптик жана коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борбору тарабынан уюштурулду.