КМУда «Психикалык саламаттык - глобалдык артыкчылык» темасында конок-лекция өттү
Бүгүн, 10-октябрь – Эл аралык психикалык саламаттык күнүнө карата Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Сурдопедагогика”, “Логопедия” жана “Олигофренопедагогика” профилинин студенттери үчүн конок-лекция уюштурулду.
«Психикалык саламаттык - глобалдык артыкчылык» темасындагы лекцияны Республикалык психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңешменин башчысы Татьяна Романова кызыктуу өтүп берди.
Конок-лекцияда жаш балдардын саламаттыгына көңүл буруу, аларга байкоо жүргүзүү, изилдөө, алдын-алуу, дарылоо жана тарбия берүү сыяктуу проблемалар кеңири козголуп, талкуу уюштурулду.
«Психикалык саламаттык - глобалдык артыкчылык» темасындагы конок-лекция КМУнун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы тарабынан уюштурулду.