КМУда психологдордун күнүнө арналган жумалыгы өз ишин баштады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде психологдордун күнүнө карата майрамдык иш-чара өз ишин баштады. Иш-чарага психология илимдеринин кандидаты, профессор Жаңыл Жумалиева, психология илимдеринин кандидаты, доцент Стелла Пак жана психология илимдеринин кандидаты, доцент Турдумамат Качикеевдер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө психологиянын коомдогу мааниси жана бул багыттагы келечектүү изилдөөлөр тууралуу маселелер талкууланды.
Психологдордун күнүнө арналган жумалык 20-ноябрдан 27-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында тематикасы ар түрдүү тренингдер, мастер-класстар жана практикалык сабактар уюштурулат.
Белгилей кетсек, психологдордун күнү кесиптик майрам катары М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Психология факультетинин демилгеси менен киргизилген.
Иш-чара Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.