Blog Image

КМУда “Психологиялык-педагогикалык класс — жогорку класстын окуучулары менен кесипке багыт берүү ишинин формасы катары” аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин ага окутуучусу Туяра Евдокарова Психологиялык-педагогикалык класс — жогорку класстын окуучулары менен кесипке багыт берүү ишинин формасы катары” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун педагогика жана психология институтунун, орус филологиясы факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө мектеп окуучуларынын кесиптик багытын аныктоо маселелери, педагог-насаатчылардын ролу, класстардын уюштурулушу жана мектептер менен жогорку окуу жайлардын кызматташуусу тууралуу маалымат берилди.

Позвонить