КМУда QS-рейтингинин талаптарына ылайык, эл аралык индексацияланган илимий базаларга катышуу шарттары боюнча тренинг өттү
Бүгүн, 14-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде QS-рейтингинин талаптарына ылайык, эл аралык индексацияланган илимий базаларга катышуу шарттары боюнча тренинг өттү. Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева, Илимий китепканасынын кызматкерлери Токтомушова Б.М., Адырбекова А.К. жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Иш-чарада Web of Science, SCOPUS, Google Scholar, РИНЦ боюнча эл аралык илимий базаларга катышуунун мааниси жана шарттары талкууланды.
Тренингдин максаты: эл аралык илимий базаларга (Web of Science, SCOPUS, Google Scholar, РИНЦ) катышуунун негизги талаптарын түшүндүрүү, ушул базаларда иштөө жана изилдөөлөрдү жарыялоо процессин жакшыртуу жана университеттин илимий ишмердүүлүгүн эл аралык деңгээлде таанууну жогорулатуу.