КМУда “Ребрендинг жана жеке бренд” аталышында лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова “Ребрендинг жана жеке бренд” аталышында лекция окуду.
Иш-чара предметтик жумалыктын алкагында уюштурулуп, КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө маалымат мейкиндигиндеги жеке бренддин ролу жана мааниси, ребрендингдин негизги этаптары, журналистика жана медиадагы өз алдынча имидж түзүүнүн ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.