КМУда репрессияланган аялдарга арналган китептин бет ачары өттү
Бүгүн, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдык мааракесине арналган “Эскерүү китеби: Кыргызстандан репрессияланган аялдар (1920–1953-жж.)” аталышында китептин бет ачары өттү.
Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов, М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева, университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Салтанат Асекова “Кыргызстандан репрессияланган аялдар” китебин презентациялады. Ошондой эле, репрессияга кабылгандардын тарыхына арналган атайын көргөзмө уюштурулду.
Коноктор менен катышуучулар репрессияланган аялдардын тарыхы боюнча терең талкуу жүргүзүп, ар кандай суроолорго жооп беришти. Ой бөлүшүү учурунда бул мезгилдин оор сабактары тууралуу кеңири сөз болуп, келечек муун үчүн сабак алуу зарылчылыгы баса белгиленди.
Мындан сырткары “Ата-Бейит” УТМКнын директору Болот Абдрахманов менен М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева кызматташтык боюнча расмий келишимге кол коюшту.
Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхындагы саясий куугунтуктун жабырлануучуларын эскерүүгө жана алардын эрдиктерин даңазалоого багытталган.