Blog Image

КМУда Республикалык спартакиаданын катышуучуларын сыйлоо иш-чарасы өттү

Бүгүн, 16-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Мусабай Примкулов, КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча сөз болду.

Андан соң Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык спартакиаданын катышуучуларын сыйлоо иш-чарасы өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Мусабай Примкулов спартакиадада байгелүү орундарды алган жеңүүчүлөрдү куттуктап, ыраазычылык каттарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.