Blog Image

КМУда РФ Санкт-Петербург шаарында жайгашкан РИАнын илимий-изилдөө институттарынын окумуштуулары конок-лекцияларды өтүштү

Бүгүн, 11-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Россия илимдер академиясынын (РИА) И.М.Сеченов атындагы эволюциялык физиология жана биохимия институтунун улук илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты Эдуард Бурых - “Гипоксия учурунда кычкылтекти керектөө”, Россиянын Медицина илимдер академиясынын академик С.В. Аничков атындагы нейрофармакология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Пётр Шабанов - “Жаңы миң жылдыктын дарылары” жана С.М.Киров атындагы Аскердик медициналык академиясынын фармакология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Алексей Ким “Пренаталдык гипоксия жана анын кесепеттери” аталышында конок-лекцияларын өтүштү. Конок-лекцияга КМУнун медицина факультетинин «Дарылоо иши» адистигинин студенттери катышты.

Конок-лекциялардын жүрүшүндө медицина тармагындагы соңку жаңылыктар, адам организминин физиологиясы жана биохимиясы тууралуу маалыматтар берилди. Санкт-Петербург шаарында жайгашкан РИАнын илимий-изилдөө институттарынын окумуштуулары студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп берип, заманбап медициналык изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, медицина жана биология жаатында келечектеги илимий изилдөөлөрдүн багыттары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева РИА окумуштууларына Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Конок-лекциялар КМУнун медицина факультети тарабынан уюштурулду.