Blog Image

КМУда РИА Сибирь бөлүмүнүн ИжТМКК ачык илимди изилдөө жетекчиси Наталья Редькина «Дүйнөлүк маалымат порталдарында ачык ресурстарды издөөнү уюштуруу» аталышында тренинг өттү

Бүгүн, 5-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Илим жана техника боюнча мамлекеттик коомдук китепканасынын ачык илимди изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Редькина «Дүйнөлүк маалымат порталдарында ачык ресурстарды издөөнү уюштуруу» аталышында тренинг өттү.

Тренингдин негизги максаты: ачык ресурстардын маалыматтарын издөөнүн ыкмалары, анын ичинде дүйнөлүк маалымат базалары жана изилдөө системалары тууралуу окутуучуларга жана китепкана кызматкерлерине маалымат берүү.

Тренингдин жүрүшүндө практикалык жумуштар улантылып, катышуучулар ачык маалымат ресурстарын иш жүзүндө издөө жана аларды колдонуу боюнча көндүмдөрдү үйрөнүштү.

«Библио-Про» интеграциялык системасын коомдук китепканалардын ишинде колдонуу боюнча маалымат берилди. Бул системанын колдонулушу тууралуу К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын тажрыйбасы айтылды.

Иш-чара китепкана адистерине жана билим берүү кызматкерлерине ачык маалымат ресурстарын колдонууда заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.