КМУда Роза Айтматова конок лекция өттү
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан Ч. Айтматовдун 95 жылдык юбилейине арнап, коомдук ишмер, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, физика-математикалык илимдеринин кандидаты, III даражадагы Манас орденинин ээси Роза Айтматова чакырылган.
Роза Айтматова «Репрессияланган адабият» аталышындагы конок лекцияны Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттерине өттү.
Иш-чараны Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысынын м.а. Айнура Каныбекова уюштурду.