Blog Image

КМУда Роза Айтматова менен жолугушуу болду

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаӊы маалыматтык технологиялар институту Ч. Айтматовдун 95 жылдык юбилейине арнап, коомдук ишмер, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, физика-математикалык илимдеринин кандидаты, III даражадагы Манас орденинин ээси Роза Айтматова менен институттун жетекчиси У.Т.Керимов, орун басары К.С.Ачекеев жана жаш калемгерлерге шык берүү максатында окутуучу Айгүл Бакманова, студент Акылай Айбек кызы маек курушту. Ошондой эле, жаш калемгерлер Роза Айтматовага арнаган ырларын окушту. Институттун ардактуу конок китебине алтын жазуусун калтыруу иш-чарасы да болду.