Blog Image

КМУда «Өсүмдүктөрдүн чаңдашуусун окутуу методикасы» деген темада ачык сабак өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Ж. Андакулованын жетекчилиги астында «Өсүмдүктөрдүн чаңдашуусун окутуу методикасы» деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка Табигый илимдер жана туризм институтунун биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучулары Н.Ниязова, Н. Казакова, химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын кафедра башчысы доцент Г. Насирдинова жана М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А. Нурманбетова жана студенттер катышты. Ачык сабакта интернет технологиясы, маалыматтык технология колдонулуп, студенттер тирүү гүлдөн көрсөтмө куралдарды жасады.