Blog Image

КМУда “Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмаларын IT билим берүү менен айкалыштыруу” аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде И. Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Айнура Жумагулова “Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмаларын IT билим берүү менен айкалыштыруу” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу, кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө доцент Айнура Жумагул кызы сабакты кызыктуу өткөрүүнүн заманбап ыкмаларын жана IT технологияларын колдонуу аркылуу билим берүү процессин натыйжалуу кылууну жана кыргыз тилин окутуу ыкмаларынын жаңычылдыгы, технологиялар менен айкалыштыруунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда академиялык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулган.

Бул иш-чара окутуучулардын билим берүү чөйрөсүндө жаңы ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле, окуу процессинин сапатын жакшыртууга багытталган.