КМУда “Сабаттуу жаз” акциясы старт алды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук
программасын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгынын, мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгендигинин 80 жылдыгынын
алкагында “Сабаттуу жаз” акциясы старт алды.
“Сабаттуу жаз” акциясы жат жазуу түрүндө окуу жайдын 1-курсунун студенттеринин арасында 21-25-октябрь күндөрү аралыгында өткөрүлөт.
“Сабаттуу жаз” акциясынын максаты: мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү; студенттердин мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу маданиятын жогорулатуу, жазуу көндүмдөрүн өнуктүрүү; Ишеналы Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгүн даңазалоо.
Аталган иш-чара университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулган.