Blog Image

КМУда “Сабаттуу жаз!” акциясы уланууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгынын жана “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында курамдар аралык “Сабаттуу жаз!” акциясы уюштурулду. Акцияга университеттин бардык курам бөлүмдөрүнүң 1-курста билим алып жаткан студенттери активдүү катышты. Аталган акция үч тур менен өткөрүлүп, сабаттуу жазуу маданиятын жана бийик интеллектуалдык деңгээлин көрсөткөн студенттер атайын сертификатка ээ болушту.