Blog Image

КМУда салттуу жана кызыктуу аталыштар менен мода көргөзмөсү өттү

Бүгүн, 17-май күнү, «Баары биздин колубузда» аттуу салттуу мода коллекцияларынын көргөзмөсү өттү. И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин «Костюм, текстиль технологиялары жана искусствосу» кафедрасынын окутуучуларынын жетекчилиги менен студенттердин чыгармачылык иштери тартууланды.

Көрсөтүү п.и.к., доцент Ж.Сулайманова, ага окутуучу Ж.Шекербекова, окутуучулар Эркинбай кызы Б., Н.Касыгулова, Ж.Оспаналиева, А.Жолдошева, К. Кымкарбековалардын жетекчилигинде ишке ашты.

Мода тенденцияларын изденген чыгармачыл топтор «Курманжан Датка», «Луораветлан», «Шамал шаңы», «Марал», «Жибек», «Байчечекей», «Асылзат», «Дольче Виолет», «Арузат», «Томирис», «Умай», « Жашоо саптары”, “Жогорку элеганттуулук”, “Чөл гүлү”, “Ысык-Көл кызгалдактары”, “Жаз”, “Мулан”, “Жаңыл Мырза”, “Трансформация”, “Деним хит”, “Межсезонье ”, “Сыйкырдуу жоокер”, “Доор”, “Кыз Сайкал”, “Каныкей” мода коллекцияларын сунуштады.