Blog Image

КМУда “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференцияга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Экинчи тараптан, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Бахтиёр Расулов, АМПИнин орус, кыргыз тилдери жана адабияты кафедрасынын башчысы Махбубахон Темирова, АМПИнин басма сөз катчысы Фуркатбек Нодирбеков, АМПИнин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Мухаммадали Собиржонов жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин профессору Сауле Асанбаева, Казакстан педагогикалык илимдер академиясынын академиги Айгүл Сатбекова, КазУКПУнун профессору Жаркынбике Сулейменова, КазУКПУнун басма сөз катчысы Даурен Аязбаев катышууда.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин профессору А. Сатбекова, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун докторанты М. Сотволдиев, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин аспиранты А.Турдубаева, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын башчысы Н.Касымбековалар илимий макалаларын окушту.

Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.