Blog Image

КМУда “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн, 11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев катышты.

Экинчи тараптан, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Бахтиёр Расулов, АМПИнин орус, кыргыз тилдери жана адабияты кафедрасынын башчысы Махбубахон Темирова, АМПИнин басма сөз катчысы Фуркатбек Нодирбеков, АМПИнин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Мухаммадали Собиржонов жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин профессору Сауле Асанбаева, Казакстан педагогикалык илимдер академиясынын академиги Айгүл Сатбекова, КазУКПУнун профессору Жаркынбике Сулейменова, КазУКПУнун басма сөз катчысы Даурен Аязбаев катышты.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин профессору А. Сатбекова, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун докторанты М. Сотволдиев, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин аспиранты А.Турдубаева, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын башчысы Н.Касымбековалар илимий макалаларын окушту.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан 80ден ашуун жаш окумуштуулар, аспиранттар жана магистранттар катышып, санарип доордо эпосту жана тилди изилдөөнүн олуттуу маселелерин изилдешип, пленардык жана секциялык иштерде кызуу талкуулашып, резолюция кабыл алышты. Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө Мыйзамын, КРнын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу Жарлыгын, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.