Blog Image

КМУда “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады

Бүгүн, 11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.

Конференцияга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев катышууда.

Экинчи тараптан, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Бахтиёр Расулов, АМПИнин орус, кыргыз тилдери жана адабияты кафедрасынын башчысы Махбубахон Темирова, АМПИнин басма сөз катчысы Фуркатбек Нодирбеков, АМПИнин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Мухаммадали Собиржонов жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин профессору Сауле Асанбаева, Казакстан педагогикалык илимдер академиясынын академиги Айгүл Сатбекова, КазУКПУнун профессору Жаркынбике Сулейменова, КазУКПУнун басма сөз катчысы Даурен Аязбаев катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Бахтиёр Расулов куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жаш окумуштууларга ийгиликтерди каалашты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө Мыйзамын, КРнын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу Жарлыгын, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.