КМУда «Санарип мугалим” долбоорунун негиздөөчүсү Асылбек Мадалиев “Санарип мугалим” аталышында семинар өттү
14-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда «Санарип мугалим” долбоорунун негиздөөчүсү Асылбек Мадалиев “Санарип мугалим” аталышында семинар өттү. Семинардын жүрүшүндө чет өлкөдөгү билим берүү системаларынын өзгөчөлүктөрү, мугалимдер үчүн чет өлкөдөгү окуу программалары, санарип технологиялардын ролу тууралуу кенен маалымат берилди. Иш-чарага институттун окутуучулары, студенттери жана магистранттары катышты. Катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.