Blog Image

КМУда “Scopus жана Web of Science индекстелген журналдарына илимий макала жазуу” боюнча семинар болуп өттү

18-октябрда И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамына И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин илим жана инновациялар бөлүмүнүн башкы адиси, т.и.к., доцент Надира Дегембаева семинар өткөрдү. Анда, Надира Калчакеевна “Scopus жана Web of Science индекстелген журналдарына илимий макала жазуу” темасынын тегерегинде мазмундуу презентация өткөрүп, эл аралык илимий журналдарга илимий макалаларды жайгаштыруу тууралуу толук кандуу токтолуп практикалык кеңештерин берди.

Надира Дегембаеванын Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 20 дан ашык илимий эмгектери жарык көргөн. Илим-изилдөө ишмердигинде Нарын дарыясындагы суунун нугунун өзгөрүү процесстерин, Нарын аймагындагы ирригациялык суу каналдарынын абалы, калыбына келүүчү энергиянын булактарын колдонуу, аларды жайылтуу жана башка темада изилдөөлөрдү жүргүзүп келген.

Семинарга И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгул Чалданбаева, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, институттун профессордук-окутуучулар курамы катышты.