КМУда Scopus журналдарына макала жарыялоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө илимий семинар өттү
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата Ханьянг университетинин (Түштүк Корея) докторанты, илимий изилдөөчү Тимур Досмамбетов “Scopus базасында индекстелген журналдарга илимий макала жарыялоо өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү” аталышында семинар өттү.
Семинарга КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышып, илимий басылмаларга макала даярдоонун талаптары, журнал тандоонун ыкмалары, плагиаттан коргонуу жолдору тууралуу маалыматтар менен таанышты.