Blog Image

КМУда «Scopus журналдарына макаланы кантип жарыялоо керек» аталышында тренинг өттү

15-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Борбордук Азиядагы Америка университетинин социология кафедрасынын ассистенти, социология илимдеринин кандидаты Жаркын Шадыманова «Scopus журналдарына макаланы кантип жарыялоо керек» деген темада трениг өттү. Иш-чара Эл аралык билим берүү программалар институту тарабынан уюштурулган. Ага КМУнун окутуучулары жана студенттери катышты. Тренигге катышкан катышуучулар илимий макаланы жазуу жана басмага берүү процессин түшүнүү үчүн зарыл болгон негизги маалыматтарга  ээ болушту.