КМУда SEL окутуу процессинде (социалдык-эмоционалдык окуу) аталышында тренинг өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде SEL окутуу процессинде (социалдык-эмоционалдык окуу) аталышында тренинг өттү. Иш-чарага доцент Айнура Чокморова жана КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык жана эмоционалдык билим берүүнүн негиздери, студенттердин психологиялык ден соолугун жакшыртуу жана алардын социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Тренингдин негизги максаты: Социалдык-эмоционалдык билим берүү (SEL) процессин билим берүү тармагында колдонуунун маанисин түшүндүрүү жана студенттердин эмоционалдык интеллектин жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү. Ошондой эле, окутуучуларга социалдык-эмоционалдык окуу методикаларын өз класстарында колдонуу үчүн жаңы инструменттерди сунуштоо.
Бул иш-чара окутуучулардын педагогикалык ишмердүүлүгүн жана студенттердин эмоционалдык ден соолугун жакшыртууга өбөлгө түзөт.