Blog Image

КМУда социалдык жана укуктук коопсуздук көйгөйлөрү боюнча конференция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинде “Өспүрүм жана улан курактагы балдардын психологиялык, социалдык жана укуктук коопсуздугунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору” аталышында конференция өттү.

Иш-чара жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлүп, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин колледжинин окутуучулары, №4 төрөт үйүнүн дарыгерлери, Республикалык СПИД борборунун адистери, КРнын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын медицина, биология жана агрардык илимдерди аттестациялоо бөлүмүнүн кызматкерлери, социалдык адистер катышты.

Практикалык конференциянын максаты: өспүрүм жана улан курактагы балдардын психологиялык, социалдык жана укуктук көйгөйлөрүн талкуулоо жана чечүү жолдорун издөө.

Иш-чара төмөндөгү 5 багыт боюнча иш алып барды:

-Өспүрүмдөрдүн жана улан курактагы балдардын психологиялык, физикалык саламаттыгы.

-Өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана бакубат жашоосуна болгон укуктарын коргоо.

-Коомдо, үй-бүлөдө өспүрүм курактагы кыздарга жана балдарга кам көрүү.

-Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу коомдо өсүп жаткан негизги көйгөйлөрдүн бири.

-Өспүрүмдөрдүн жана улан курактагы балдардын адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (АИВ-ВИЧ), СПИД коркунучунан коргоо.

Иш-чаранын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Иш-чара КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулду.