Blog Image

КМУда спорттун үч түрү боюнча "Достук" мелдеши болуп өттү

И. Арабаев атындагы КМУда спорттун үч түрү (кичи-футбол, аркан тартыш, кол күрөш) боюнча "Достук" мелдеши өттү. Мелдеш КМУда билим алган чет элдик студенттер арасында уюштурулган. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева катышып, катышуучуларга ийгилик жана ынтымак каалады. Иш-чаранын жыйынтыгында КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, дипломдорду тапшырды. Иш-чара Эл аралык билим берүү программалары институту менен Дене тарбия жана спорт институту тарабынан уюштурулган.