КМУда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата окутуучулар жана студенттер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек катышуучуларды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды.
Иш-чара КМУнун Дене тарбия жана спорт институту жана Студенттик парламент тарабынан уюштурулду.