КМУда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата студент кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.
Иш-чарага КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманов, Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков жана окуу жайдын Кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек катышуучуларды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды.
Иш-чара КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ, Дене тарбия жана спорт институту тарабынан уюштурулду.