Blog Image

КМУда стартап боюнча семинар өттү

25-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун МТМИде стартап боюнча  семинар өттү. Семинарга студенттер катышты. Семинарды институттун директору С.Жумалиев ачып, студенттер билим алуу менен бирге, стартап идеяларды ишке ашыруу көндүмдөрүнө да ээ болушу керектигин белгиледи. Стартап борборунун жетекчиси Н.Абдылдаева университетте ишке ашырылып жаткан иш аракеттерге токтолуп, стартап жөнүндө кеңири маалымат берди. Ошондой эле, стартап деген эмне, анын түрлөрү жана ийгиликтүү ишке ашкан айрым стартаптар жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. Жыйынтыгында жаңы идеялар боюнча сунуштар айтылды.