Blog Image

КМУда "Стартаптарды каржылоо: инвесторлорду кантип тартуу керек" аталышында тренинг өттү

Бүгүн, 11-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Кыргыз Руху” стартап борборунда студенттер үчүн "Стартаптарды каржылоо: инвесторлорду кантип тартуу керек" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттери катышты.

Тренингдин негизги максаты – стартап жана инвестиция түшүнүктөрүнөн маалымат берип, гүлдөп-өнүгүүнү тездетүү (Accelerate Prosperity) демилгеси менен тааныштыруу. Гүлдөп-өнүгүүнү тездетүү (Accelerate Prosperity) демилгеси өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү ишкерлерди жаңы рынокторду өздөштүрүүгө, туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жана коомчулукту чыңдоого шыктандырууга багытталган. Алар техникалык колдоо, креативдүү финансылык чечимдер жана рынокко байланыш түзүү аркылуу чакан жана өсүп келе жаткан бизнеске жардам беришет.

Бул тренинг жаш ишкерлерди шыктандырып, инвестиция тартуу жана стартаптарды өнүктүрүү боюнча практикалык билим алууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.