Blog Image

КМУда «Startegeast санарип экономика» аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 18-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “StrategEast” компаниясынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Айсулуу Кожогулова "Startegeast санарип экономика" аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекцияга КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө санариптик экономиканы өнүктүрүү, анын Кыргызстандагы актуалдуулугу жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү, санарип трансформациянын таасири, санарип платформалардын кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле, IT жана санариптик технологиялардын экономикадагы мааниси тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын негизги максаты: студенттерди санариптик технологияларга даярдоо жана аларды заманбап экономикалык чөйрөгө ылайыкташтыруу.

Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.