КМУда «Startup FID» темасында студенттик тренинг өттү
28-февраль күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Startup FID» темасында студенттик тренинг өттү. Иш-чарада Искусство жана дизайн факультетинин 1-курсунун студенттери студенттик стартап менен таанышты. Тренингде студенттер стартап долбоору тууралуу кенен маалымт алып, стартаптын өнүгүү жолдорун жана тобокелчиликтерин аныктап, алган билимдеринин негизинде стартап идеясын иштеп чыгууга аракет кылышты.