Blog Image

КМУда “Статистиканы үйрөнөбуз” аталышындагы конок-лекция өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулардын жана студенттердин маалыматтуулугун жана статистикалык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган КР Улуттук статистикалык комитетинин “Статистиканы үйрөнөбуз” аталышындагы конок-лекциясы болду.

Лекцияны КР Улуттук статистикалык комитетинин Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева, Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Салия Сейдахматовалар өттү.

Конок-лекция окутуучулар жана студенттердин суроолору, пикир алышуулар жана жандуу талкуулар менен коштолду.

Иш-чараны КМУнун Экономика жана менеджмент институту уюштурду.