Blog Image

КМУда «STEAM аркылуу критикалык ой жүгүртүү» аталышында семинар өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Сингапур Ассоциациясынын академиялык директору, профессор Лам Ки Фуи Тернер «STEAM аркылуу критикалык ой жүгүртүү» аталышында семинар өттү.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Профессор Лам Ки Фуи Тернер окуу процесстеринде STEAM методологиясын колдонуу аркылуу билим берүү системасындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берип, студенттердин көз карашын кеңейтүү жана алардын маселелерди чечүү жөндөмдөрүн жогорулатуу жолдорун сунуштады.

Иш-чаранын максаты: STEAM (Science, Technology, Engineering, Arts, Mathematics) багытында студенттердин жана окутуучулардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.

Иш-чара студенттердин жана окутуучулардын өз ара тажрыйба алмашуусуна жана STEAM багытында билим берүүнүн инновациялык ыкмаларына болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.