КМУда STEM багытын өнүктүрүү боюнча жолугушуу өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мектепте 12 жылдык окутуунун концепциясынын алкагында STEM багытын өнүктүрүү” аталышында жолугушуу өттү.
Иш-чарага Кыргыз билим берүү академиясынын профессору Абакир Мамытов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов, KG Analytics коомдук фондунун директору Сымбат Сатыбалдиева, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүлназ Жалилова жана КМУнун STEM багыты боюнча иш алып барган окутуучулар Чынаркуль Давлетова, Гульзат Токонбекова, Улан Керимовдор катышты.
Жолугушууда мектепте 12 жылдык окутуунун концепциясы кеңири тааныштырылып, STEM багыты боюнча 7-8-9-класстарды окутуунун өзгөчөлүктөрү жана ага байланышкан көйгөйлөр талкууланды. Катышуучулар STEM багытындагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн ЖОЖ окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу, Окуу-методикалык куралдарды иштеп чыгуу жана аларды окутуу процессине киргизүү, Мектептер менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерди баса белгилешти.
Жыйынтыгында, STEM билим берүүнү өнүктүрүү боюнча маанилүү кызматташуу багыттары аныкталып, келечектеги долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу пландары түзүлдү.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.