КМУда “STEM предметтери боюнча студенттердин сабаттуулугун жогорулатууда Сингапур окутуу тажрыйбасын пайдалануу” илимий-методикалык семинары өттү
18-ноябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде биология илимдеринин кандидаты Сымбат Темирова жана ага окутуучу Үпөл Керимканова “STEM предметтери боюнча студенттердин сабаттуулугун жогорулатууда Сингапур окутуу тажрыйбасын пайдалануу” илимий-методикалык семинарын өтүштү.
Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Сингапур билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү жана анын STEM предметтериндеги сабаттуулукту жогорулатуудагы натыйжалуулугу жөнүндө маалымат берилди.
Семинар STEM предметтери боюнча мугалимдердин кесиптик даярдыгын жакшыртууга багытталып, лекторлор учурда жалпы билим берүү уюмдарынын STEM багытындагы предметтик мугалимдеринин квалификациясын жогорулатып, PISA тестирлөөсүнө даярдоо боюнча активдүү иш жүргүзүшүүдө.
Иш-чара М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.