Blog Image

КМУда студенттер арасында спартакиада өтүүдө

4-9-декабрь күндөрү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери арасында волейбол, теннис, тогуз-коргоол, шахмат, футбол оюндары боюнча спартакиада өтөт. Иш-чара 2024-жылы жогорку окуу жайлар арасында болчу чемпионатка мыкты оюнчуларды тандоого жана жаштарды сергек жашоого чакырууга багытталган.