КМУда студенттер арасында спартакиада өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде спартакиада өттү. Иш-чарага КМУнун орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнүн студенттери катышып, волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси боюнча таймаш өткөрүштү.
Спартакиаданы КМУнун дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков ачып, студенттерге ийгилик каалады.
Бул иш-чаранын максаты: студенттер арасындагы ынтымакты бекемдөө жана ден соолукту чындоо.
Спартакиада КМУнун дене тарбия жана спорт институту тарабынан уюштурулду.




