Blog Image

КМУда студенттер арасында өткөн спартакиада жыйынтыкталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери арасында волейбол, теннис, тогуз-коргоол, шахмат, футбол оюндары боюнча өткөн спартакиада жыйынтыкталды. Иш-чара 2024-жылы жогорку окуу жайлар арасында болчу чемпионатка мыкты оюнчуларды тандоого жана жаштарды сергек жашоого чакырууга багытталган.

Тогуз-коргоол боюнча 1-орунду кыздардан Ибрагимова Айгерим, Алмазбек кызы Ширин, балдардан Арстакеев Ардак, Абдрахманов Айзия алды. 2-орунду Накы кызы Акмарал менен Мамункулова Нурайым, Дүйшенбеков Тынчтык менен Алымбеков ээледи. 3-орунга Мирланбекова Аяна менен Бактыбек кызы, Самадов Ильхом жетишти.

Шахмат боюнча 1-орунду Акназар уулу Сабыр, Карыбеков Асан, Маматсабир кызы Нургүл, Курманбекова Бурул алды. 2-орунду Мамасалиев Залкар, Ильяз кызы Мавлюда, Илиязова Акмарал ээледи. 3-орунга Нурбек уулу Нурмухаммед, Кадырбекова Айзирек, Эсенбаева Самира жетишти.

Теннис боюнча 1-орунду Абакиров Кенжебек, Бекболотов Бекболот, Кочорова Уулман, Рахматулаева алды. 2-орунду Тургунбаев Билал, Акылбеков Нурсултан, Камчыбекова Аземи, Шергазы кызы Айжамал ээледи. 3-орунга Турдукулов Досмат, Мукаммадова Азиза, Борисенко Ирина, Кылычбек кызы Жыпаргул ээледи.

Волейбол боюнча кыздар арасында 1-орунду Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту алды. 2-орунду Гуманитардык-педагогикалык колледжи ээледи. 3-орунга Педагогика жана психология институту жетишти. Ал эми балдар арасында Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту алды. 2-орунду Дене тарбия факультети ээледи. 3-орунга Жаңы маалыматтык технологиялар институту жетишти.

Футбол оюну боюнча 1-орунду Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту алды. 2-орунду Экономика жана менеджмент институту ээледи. 3-орунга Искусство жана дизайн факультети жетишти.

Бул спартакиадага бардык курамдар активдүү катышып, алдыңкы орунду ээлегендер ардак грамота, кубок, медаль жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.