КМУда “Студенттер гендердик зомбулукка каршы!” аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Студенттер гендердик зомбулукка каршы!” аталышында иш-чара өттү.
Иш-чара “Зомбулуксуз 16 күн” глобалдык акциясынын алкагында уюштурулуп, ага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин жетекчиси Константин Бедарев, Кыргызстандын коопсуздук, укук тартиби жана укук тармагындагы аялдар ассоциациясынын төрагасы Каана Айдаркул, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер зомбулукту жоюу боюнча ойлорун баяндап, атайын даярдалган дубал гезиттерди презентациялашты.
Иш-чаранын алкагында профессор Каана Айдаркул сөз сүйлөп, мындай демилгелердин жаштардын укуктук маданиятын калыптандыруудагы маанилүүлүгүн белгиледи.
“Студенттер гендердик зомбулукка каршы!” аталышындагы иш-чара жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга, гендердик теңчиликке багытталган коомдук талкууларды жүргүзүүгө жана бул багытта натыйжалуу аракеттерди баштоого чоң өбөлгө түздү.
Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.