КМУда студенттердин аткарган иштерин коллективдүү кароо иш-чарасы өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин I-IV-курс студенттеринин адистик дисциплиналар боюнча аткарган иштерин коллективдүү кароо (обход) иш-чарасы өттү.
Иш-чара 2024–2025-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгын жыйынтыктоо максатында уюштурулуп, студенттердин иштери кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан текшерилип, тиешелүү баалар берилди.
Иш-чара студенттердин чыгармачылык деңгээлин жана адистик өсүшүн баалоого өбөлгө түздү.