КМУда "Студенттердин изилдөөлөрү, идеялары жана инновациялары" аталышында студенттик илимий-практикалык конференция өттү
Бүгүн, 26-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда көп жылдар бою Орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын башчысы, КМУнун Ардактуу профессору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Роза Тулегеновна Сатылганованын 80 жылдык юбилейине арналган "Студенттердин изилдөөлөрү, идеялары жана инновациялары" аталышында студенттик илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарада юбилярды Педагогика жана психология институтунун директору Г.К. Казиева, орус филологиясы факультетинин деканы Н.К. Сегизбаева, доцент Т.Шамурзаева, Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы М.А. Куканова, профессор Б.С. Чокошева, профессор В.И. Мусаева, доцент М.Раимбекова, доцент Д.К. Өмүрбаева куттукташты.
"Башталгыч билим", "Логопедия" профилдеринин студенттери тил илими, методика жана заманбап окутуу технологиялары боюнча ар түрдүү темадагы баяндамаларын окушту. Өзгөчө көңүл оозеки эмес байланыш каражаттары; окутуунун жаңы маалыматтык каражаттары; баалоо инструменттери; сүйлөө маданияты; ДМЧ балдардын санариптик иштөө ыкмалары ж.б. докладдарга бурулду. Катышуучулар мындай иш-чараларды салттуу түрдө өткөрүү зарылдыгын белгилешти.