Blog Image

КМУда студенттердин өндүрүштүк практикасына жетекчилик кылган окутуучулар менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 29-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде студенттердин өндүрүштүк практикасына жетекчилик кылган окутуучулар менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага КМУнун практика жетекчиси Нурпаис Баястанов жана студенттердин өндүрүштүк практикасына жетекчилик кылган окутуучулар катышты.

Иш-чаранын негизги темасы: билим берүү практикасын уюштуруу жана колдоо, ошондой эле, коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды талкуулоо.

Жыйындын жүрүшүндө, окутуучуларга студенттердин практикалык иштерине эффективдүү жетекчилик кылуу жана алардын өндүрүштүк практикада жетишкендиктерин жогорулатуу боюнча так көрсөтмөлөр берилди.

Ошондой эле, студенттер үчүн практиканын башталышында атайын конференцияларды өткөрүү сунушталды. Анда алардын келечектеги кесибине байланыштуу актуалдуу маселелер, ошондой эле, практиканын жүрүшү боюнча пикирлер жана сунуштар талкууланат.

Коррупциянын алдын алуу жана студенттердин арасында адеп-ахлактык нормаларды сактоо боюнча дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы эскертилди. Окутуучуларга коррупцияга жол бербөө боюнча маалымат берилип, ошондой эле, бул ишке катаал чаралар колдонула тургандыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.