Blog Image

КМУда студенттердин өз алдынча ишин жыйынтыктоочу семинар өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Табигый илимдер жана туризм институтуннун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын Экология дисциплинасы боюнча "Дүйнөнү өзгөрткүң келсе өзүңдөн башта!" деген темада студенттердин өз алдынча ишин жыйынтыктоочу семинары өттү. Анда студенттер презентацияларды жана мастер-класс көрсөтүштү. Семинарга Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун өкүлү Кымбат Бактыбекова, А. Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин география мугалими Айша Токтоналиева 10 окуучусу менен келип катышты. Семинарга окутуучулар Н.Д.Ниязова, Н.О. Казакова жооптуу болушту.