Blog Image

КМУда студенттик демилгелерди колдоо үчүн фандрайзинг өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери тарабынан “Фандрайзинг” иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрү даярдаган таттууларды, кол өнөрчүлүк буюмдарын жана башка ар түрдүү эмгектерин сунушташты.

Фандрайзингдин негизги максаты: жаңы клубдарды ачууга жана жигердүү студенттик коомчулукту өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо. Ошондой эле, студенттердин ынтымагын бекемдөө жана чыгармачылыктарын көрсөтүү.

Позвонить