КМУда студенттик илимий кереге отурум өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу, өнүктүрүү жана социализациялоо” аталышында студенттик илимий кереге отурум өттү.
Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Окуу инспекциялык бөлүмүнүн башчысы Шарапат Искендерова жана Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Отурумдун жүрүшүндө Окуу иштери боюнча проректор Раушанбек Зайниев атайын педагогика жана инклюзивдик билим берүү маселелери Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, бул жаатта илимий изилдөөлөрдү жана практикалык иштерди күчөтүүнүн зарылдыгын айтты.
Кереге отурумдун алкагында студенттер докладдарды окуп, атайын педагогика жаатындагы жаңы идеялар жана практикалык ыкмалар менен бөлүштү.