Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда сулуулар сынагы өттү

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда «Ханыша 2024» сулуулар сынагы өттү. Сынакка 10 кыз катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

1-орунга ээ болгон Элнура Райымбекова I даражадагы диплом менен сыйланып, Ысык-Көлгө 5 күндүк эс алууга жолдомо алды.  2-орунга ээ болгон Фатима Бекжановага II даражадагы диплом жана Алматыга 1 күндүк эс алууга жолдомо берилди. 3-орунду ээлеген Кыял Солтобекова III даражадагы диплом менен сыйланып, Ала-Тоо «Аквапарк» эс алуу борборуна 2 кишилик жолдомо алды.

Активдүү катышкан башка катышуучуларга сулуулук салондоруна жолдомо жана сыйлыктар тапшырылды.