Blog Image

КМУда “Сызыктуу конструктивдүү чийме” темасында мастер-класс өттү

Бүгүн, 23-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу Марат Заркунов “Сызыктуу конструктивдүү чийме” аталышында мастер-класс өттү.

Мастер-класстын жүрүшүндө Марат Заркунов студенттерге алты бурчтуу гипс фигурасын сызыктуу перспективада түшүрүүнүн ыкмаларын көрсөттү. Студенттер сүрөттүн негиздери жана сызыктуу чийменин принциптери тууралуу терең маалымат алышты.

Иш-чара КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасы тарабынан уюштурулду.