Blog Image

КМУда Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин Жогорку окуу жайга чейинки билим берүү жана кесипке багыт берүү факультетинин деканы Светлана Федорова конок-лекция өттү

27-февраль күнү Саха Республикасынын Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин Жогорку окуу жайга чейинки билим берүү жана кесипке багыт берүү факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Светлана Федорова И.Арабаев атындагы КМУнун  Педагогика жана психология институтунун магистранттарына, окутуучуларына жана студенттерине конок-лекция өттү. Лекциянын жүрүшүндө, жеке карьералык өсүүсү, салыштырмалуу тарыхый аспектиде кесиптердин классификациясы жана кесип тандоодогу келечектүү багыттар боюнча маалымат берди. КМУнун окутуучулары жана студенттери кызыккан суроолоруна жооп алып, келген конокторго терең ыраазычылык билдирди.